АКШда саясатчылардын артынан «мыйзамдагы уурулар» да санкцияга киргизилди.
Бул тууралуу Американын каржы министрлиги маалымат тараткан.
Анда айтылгандай, расмий билдирүүдө «мыйзамдагы уурулардын» бир тобунун аты-жөнүн табууга болот. Алар: Захарий Калашов, (каймана аты - Шакро Молодой, Россия), Юрий Пичугин (Пичуга -Россия), Рубен Татулян (Робсон - Россия), Алимжан Тохтахунов (Тайванчик - Россия), Владимиа Тюрин (Тюрик - Россия), Василий Христофоров (Вася Воскрес -Россия), Камчыбек Көлбаев (Коля-кыргыз - Кыргызстан), Лаши Шушанашвили (Лаша Толстый- Грузия), Владислав Леонтьев (Вадик Белый - Россия), Гафур Рахимов (Гафур Седой- Өзбекстан).
Эске салсак, 21-декабрда АКШнын каржы министрлиги Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованы жана Россиянын башпрокурорунун уулу Артем Чайкини санкцияга киргизген. Ошондой эле бул тизмеге Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да туш келген.