Картинки по запросу таалайбек омуралиев  

 

Мурдагы коопсуздук министри Таалайбек Өмүралиевдин генералдык чининен ажыратылганы айтылууда. Айрым маалыматтарга таянсак, генерал-майорду чининен ажыратуу боюнча  Биринчи май райондук соту чечим чыгарган.

 

 Маалым болгондой, Таалайбек Өмүралиев аске кызматкерлери үчүн курулган батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыздыкка жол берген деген негизде ачылган кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болгон. Соттун чечими менен ал жана дагы башка 10 шектүү айыптуу деп табылган. Алардын баары батир бөлүштүрүүдөгү комиссиясынын мүчөлөрү болушкан. Соттун чечими менен экс-министр 5 миллион сом айыппулга жыгылып, генерал-майордук чининен ажыратылды.