«Майдан. kg» гезити 7ге чыкты. Бул басылманы айтылуу журналист Нургазы Анаркулов жетектеп келатканы белгилүү. Каарманыбыз кайнаган коомубуздагы саясатты талдоодо калыстыкка баш урганы менен жүрөк жылытат. Эмесе, туулган күн кут болсун! Ар дайым акыйкаттыкты, туура багытты көрсөтүүчү катары кадамың талыбасын, Нургазы мырза! Сөз эркиндигинин жактоочусу, коргоочусу катары бел байлап, дагы далай ашууларды аша бер! Калемиң мокобосун! Бекем ден соолук, ишиңе ийгилик каалайбыз!
Булак: «Азия Ньюс» гезити