Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешине журналист Сыягүл Карамандын талапкерлигин карады.

 

Депутат Алтынай Өмүрбекова журналисттен учурдагы ММКларга басым жана анын өкүлдөрүнө миллиондоп салынып жаткан айыппулдар тууралуу пикирин сурады.

 

Бирок, журналист НТСтин тегерегиндеги ызы-чуу боюнча пикирин билдире албастыгын айтты.

 

Депутат андан бир гана НТС эмес, жалпы маалымат каражаттарына басым тууралуу сурап жатканын белгилеп:

 

«Мен сизден журналисттерге тилектештикти укпадым. Ошондуктан ансыз да коомдук болбой калган КТРКдагы кырдаалды жакшы жагына өзгөртүүңүзгө ишене албай калдым», - деди.