Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин колдоду.

 

Бүгүнкү пленардык жыйында президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Улуттук банктын төрагалыгына сунушталган Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги каралды.

 

Депутаттар жашыруун электрондук добуш беришти. Алар Абдыгуловдун талапкерлигин бир добуштан колдошту.

 

 Эске салсак, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызмат орунун бошоткон.