Картинки по запросу НТС телеканал 

 

НТС телеканалынын жетекчилигинин айтымында, телеканалдын юристтери менен  Grexton Capital Ltd. компаниясынын (бул компания офшордо катталып, ал экс-президент Бакиевдин уулу Макис Бакиевге таандык деп айтылып жүрөт)  юристи Елена Дзимидович  телеэфирди токтотпоону макулдашышты.

 

Ал эми сот аткаруучулары телеканалдын мүлктөрүн каттоого алууну улантышууда. Елена Дзимидович журналисттерге НТСтин ишмердүүлүгү токтобой турганын билдирген.

 

Бишкек райондор аралык сотунун көрсөтмөсүнө ылайык, инвентаризация жүрөт.