Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов аягына чыгып бараткан жылдагы ар кандай кырсыктар, алардын курмандыктары жана жапа чеккендер тууралуу маалымат берди.
Айтымында, өлкөдө 11 айда 324 ар кандай кырсыктар катталып, андан 1 134 адам каза таап, 302 адам куткарылган.
Кырсыктардан жол кырсыктары арбындыгы менен биринчи орунда турат. Ал 52 адамдын өмүрүн алган. 39 адам түрк компаниясынын учагынын кулаганынын кесепетинен каза табышкан.