Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов соцтармактагы баракчасы аркыуу НТС каналынын тегерегинде болуп жаткан ызы-чуу боюнча көз карашын билдирди.
Депутат телеканалды рейдерлик жол менен басып алып жатышат деп белгилеген.
«Биз ушуга жеттикпи, Кыргызстанда эми Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргошобу? Юридикалык документтер – жөн гана кагаздардын топтому, акыйкаттык – болбогон нерсе, башкы максат – көзкарандысыз, чындыкты айткан телеканалды жабуу, же тартып алуу – биз ушуга жеттикпи?» - деп жазган саясатчы.
Эске салсак, кечээ кечинде НТС телеканалынын мекемесине сот аткаруучулары жана Grexton Capital Ltd компаниясынын өкүлдөрү келишип, телеканалдын мүлктөрүн камакка алуу аракетин көрүшкөн.