Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго байланышкан сот процессии болду.

 

 Айыпталуучулардын бири Али Юксель юридикалык билими жок болгондуктан, иштин бардык материалдары менен толук таанышып үлгүрбөгүнүн айтып, соттон убакыт берүүсүн өтүндү. Ошондой эле материалдар менен таанышууга жардам берүүчү котормочу сурады.

 

Башка айыпталуучулар Шыкмаматов менен Жусуп Иманалиев Али Юкселдин өтүнүчүнө кошулушту.

 

Алмамбет Шыкмаматов дарыгерлер кардиостенд орнотуу зарылдыгын айтып, ооруканадан чыкпоосун эскерткенине болбой, процесске келгенин билдирди.

«Эл мени жоопкерчиликтен качып атат деп ойлобосун деп процесске келдим», - деди ал.

 

Жусуп Иманалиев да ден соолугу кыйнап атканын белгиледи.

 

«Бул жерде ачка турам. Кан басымым 200гө көтөрүлүп атат», - деген ал дагы процессти артка жылдырууну суранды.