Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, өлгөн ымыркайдын энесинин кимдиги азырынча аныктала элек. Кылмыш иши «өз баласын өлтүрүү» беренеси боюнча сырттан козголду.

 

 Учурда ымыркайдын сөөгү өлүкканага берилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери табылган эмес.

 

Эске салсак, Чоң Чүй каналынын жээгинен 14-декабрда ымыркайдын жансыз денеси табылган. Ал суукка тоңуп өлгөнү белгилүү болгон.