Бишкекте «Лексус ЛХ-470» үлгүсүндөгү автоунаа ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү Башкармалыктын инспекторун сүзүп кеткен. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришкен.

 

 Маалыматка караганда, окуя 17-декабрда 13,30да «Түштүк дарбаза» паркынын бет маңдайындагы Масалиев көчөсүндө болгон.

 

Инспектор айнектери толук караңгылатылган автоунааны токтотууга аракет жасаган. Бирок, айдоочу токтобой, милициянын кичүү сержантын атайын сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Ыкчам-иликтөө тобу айдоочуну кармап, ал 1998-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну болуп чыккан.

 

Айдоочу учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Бул факт боюнча «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.