Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, аталган компаниянын башкы директору Гүлнара Молдобаеванын айтымында, дарактар жашоочулардын өтүнүчү менен кыйылган.
Эске салсак, соцтармактарга шаардагы дарактардын кыйылганын чагылдырган видео тараган жана аны тараткандар дарактарды «Бишкеккурулуш» компаниясы техникаларынын өтүүсүнө жолтоо болуп жатканы үчүн кыйганын жарыялашкан.
Директордун белгилешинче, жергиликтүү тургундар «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына бир нече жолу кайрылып, авариялык акыбалдагы дарактарды кыйып салууну суранышкан.
«Биз алардын өтүнүчү менен дарактарды кыйдык. Үйдүн комитет башчысы бизге кайрылып, балдар аянтчасындагы дарактарды да кыйып берүүбүздү суранды. Биз макул болдук. Ал эми техниканын өтүүсүнө жолтоолук кылган дарактарга тийген жокпуз», - дейт Молдобаева.
Айтымында, курулуш иштери аягына чыккандан кийин үйдүн короосу тосулуп, жаңы дарактар отургузулат.