Бишкекте Чоң Чүй каналынын жанынан ымыркай кыздын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу укук коргоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ымыркай 14-декабрда кечинде табылган.
Баланы көргөн адамдар саат болжол менен 21:00дөрдө милицияга коңгуроо кылышкан. Жансыз денени каналдын жээгинде жайгашкан «Жасмин» кафесинин жанынан табышкан. Эксперттердин корутундусуна ылайык, бала тоңуп каза тапкан. Денесинен күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери табылган эмес.
Учурда ыкчам – тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Баланын денеси өлүкканага жеткирилген.