Лейлек районундагы “Кайрагач” көзөмөл-өткөрүү бекетин Кыргыз чек арачылары жакшыртуу камылгасын жасап жатышат. Тилекке каршы, буга Тажикстандын чек арачылары тарабынан эки жарым айдан бери каршылыктар көрсөтүлүп келатат. Бул жөнүндө Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов кабарлады.
- Кыргызстан ЕАЭБге киргендигине байланыштуу жана аталган уюмдун заманбап талаптарына ылайык “Кайрагач” көзөмөл-өткөрүү бекетине рентген көзөмөл орнотулуп, айып салынган автооунааларды токтотуучу жайлар жасалышы кажет. Муну куруу максатында Орусиядан адистер дагы келишкен. Бекеттин жалпы аянты 16 гана сотыхты ээлейт. Бул маселени чечүүдө Тажикстандын чек арачылары “Бул жер биздики!” деп чатакташып жатышат. Бирок, Кыргызстандын тиешелүү мекемесинин кызматкерлери талаш жерди өлчөп, бекеттен 50 метр алыстан гана тажик чекарасы башталаарын тастыкташты, - деди Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.
Акыркы сааттарда Орусиянын өкүлдөрү, Лейлек чекара жана ички иштер бөлүмдөрү, Кулунду айыл өкмөтү, мамлекеттик каттоо кызматы жана райондун жетекчилери маселени ырбатпастан чечүүнүн камын жеп жатышат.
Булак: “Майдан. kg” гезити