Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө  караштуу Бужум айылында “Нур периште” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга тапшырылды.

 

Аземге Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кур кол келген жок. Жетекчи балдар бакчасына түстүү сыналгы белекке тартуулады. Ошондой эле балдар бакчасынын сапаттуу жана ыкчам курулушун колдоого алып, туруктуу каржылык көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык каттарын тапшырды.

 

Айтмакчы, “Нур периште” заманбап балдар бакчасынын курулушу АРИС уюмунун “Айыл аймактарды инвестициялоо” долбоорунун алкагында каржыланды. Жалпы наркы 12 миллион 600 миң сомду чапчыды. Ошентип, 50 балага ылайыкташтырылган бакча кадимки тартипте ишке киришти.

 

Ушул тапта Баткен облусунун аймагында 154 балдар бакчасы бар. Алардын 140ы мамлекеттики, 14ү жеке менчик. Жалпы эле балдар бакчасына тартылган бөбөктөрдүн саны бүгүнкү күндө 18700гө жетти.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити