Кызыл-Кыя тамеки заводу 2012-жылдан бери сырьенун жана инвесторлордун жоктугунан таптакыр токтоп калган. Эми бул ишканага капиталдык ремонт жасалып, кайрадан иштей баштады.

 

- Завод үстүбүздөгү жылдын май айында Литва мамлекетинин “Виргис” компаниясы менен келишим түзгөн. Ошого жараша ушул тапта аймактагы дыйкандар өндүрүшкөн тамекинин көлөмү 50 тоннага жетип, баары тең заводго сатылып алынды. Эмдиги жылы ишкана 2000 тоннага чейин тамекини сатып алууну пландап жатат. Муну үчүн азыртан завод жетекчилиги дыйкан чарбалар жана дыйкандар менен өз ара келишим түзүп, аларга алдын ала керектөө каражаттарын дагы таратып жатат. Заводдо быйыл 100 адам иштесе, келерки жылы алардын саны 500гө жеткирилет жана алардын маянасы дагы 10 миң сомдон ары жогорулатылат, - деди Кызыл-Кыя тамеки заводунун жетекчиси Абдимиталип  Жумабаев.

 

Кызыл-Кыя тамеки заводу жалпысынан 20 миң тоннага чейин продукцияны иштетүүгө ылайыкташтырылган. Бул ишканага жалаң эле Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын, Кадамжай районунун гана эмес Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун дыйкандары дагы өндүргөн тамекисин тапшырышат.

 

 

 Булак: “Майдан. kg” гезити