Өзбекстан Кыргызстандын ишкерлерине 100 млн доллар насыя бөлүп берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Артём Новиков билдирди.

 

 

Анын айтымында, каражат өзбек товарларын импорттоо үчүн берилет.

 

«Насыялардын бардыгы каржы мекемелери тарабынан өтөт. Алар боюнча мамлекет эч кандай мамлекеттик кепилдик албайт. Бардык деталдары Кыргызстан менен Өзбекстандын насыя мекемелери ортосундагы өзүнчө макулдашуу менен иштелип чыгат», - деди ал.

 

Министр насыяларды алуу мөөнөтү менен шарттарын айткан жок.

 

13-14-декабрь күндөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков алгачкы мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барган. Аны курамына өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы жана президенттик аппараттын мүчөлөрү кирген делегация коштоп жүрдү.