Картинки по запросу калича умуралиева   

Калича Умуралиева деген жарандык активист Кыргызстанда сойкулардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууну сунуштады. Ал ММКлардын бирине берген маегинде өз демилгесин: “Мен бул маселени көптөн бери айтып жүрөм.  Менин кызым ооруканада күйүк бөлүмүндө иштейт. Бир жолу ал жумуштан шок абалда келип, “апа, элестетсеңиз бизге бир кызды алып келишти. Аны тирүүлөй эле күйгүзүшүптүр. Ал кыз сойку экен”,- деди. Аны күйгүзгөн адамдар, анын кардарлары экен. Жабыркаган кызга сутенёрдон башка эч ким келген эмес. Жабыркаган кыз сойку болгондуктан, аны күйгүзгөн адамдар жоопкерчиликке тартылган эмес”,- деп негиздеген. Калича айымдын айтымында, сойкулар өлкөнүн бюджетине дагы жакшы эле салымын кошот экен. “Сойкулук - бул ар бир өлкөнүн көмүскөдөгү экономикасы. Бул жаатта сойкулар гана киреше таппайт. Таксисттер, ашканалар, жансакчылар дагы киреше табышат. Сойкулук-бизнесин крим чөйрө калкалап келет. Сойкулук-бизнеси, курал-жарак саткандай эле ири суммадагы киреше алып келет”,- деп маселенин экономикага пайдасын да кошумчалаган. Ошондой эле Германия сойкулукту мыйзамдаштырып койгондугун мисал келтирет. Деги чет жактан грант алып, кыргыз элинин каада-салты менен нарк-насилин жоготууну көздөгөн эженин максаты башка эмеспи?

 

 

 

Булак, “Майдан. kg” гезити