Өзүбүз ич ара ырылдашып, чырылдашып аткан менен өткөн жумада кыргыз элинин улуттук спорт оюндарын дүйнө жүзүнө даңазалаган эл аралык деңгээлдеги жакшы окуя болду. Анткени Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилди. Мындай чечим Түштүк Кореянын Чежу аралында өткөн материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин 12-сессиясында каралып, көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Эгер эсиңиздерде болсо, Көк бөрү оюнун каттоого документтер 2014-жылы жиберилгенде кайра толуктоолорду киргизиш үчүн артка кайтарылган болчу. Ооба, буга чейин эле ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кыргыздын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги, ала кийиз менен шырдак, айтыш өнөрү, боз үй, Нооруз майрамы, Оштогу Сулайман-Тоо кирген. Мындан сырткары Кыргызстанда Сары-Челек көлү, Падыша-Ата, Беш-Арал коруктары, Сулайман-Тоо жана Чүйдөгү байыркы Невакет, Суяб, Баласагын шаарлары да ЮНЕСКОнун тарыхый баалуулуктар тизмесине кошулган. Канткен менен казактар кыргыз элинин боз үйү жана башка улуттук баалуулуктарын талашып атканда Көк-Бөрүнүн биздин атыбыздан эл аралык абройлуу уюмдун тизмесине алынышы бир топ духубузду көтөрүп койду.
Булак, “Майдан. kg” гезити