8-10-декабрда  Литванын Вильнюс шаарында өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Европанын кубогуна арналган дүйнөлүк мелдеш өттү. Анда Кыргызстандын атынан  Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти Мамарасул кызы Алтынай  катышты. Ал 70 кг салмактагылар менен күч сынашып, жеңүүчү атыкты. Кыргыз студент  алтын медалга ээ алып, диплом менен сыйланды.

 

“Европанын кубогуна Европа, Азиядан 15тен ашуун мамлекеттин балбандары катышты. Мен 70 кг салмакта алыш белбөө күрөшү боюнча мелдешке катышып, финалдык беттеште Польшалык балбан менен таймашып, жеңишке жетиштим. Албетте, ар бир жеңиш үчүн күрөш тынымсыз машыгууну талап кылат. Жеңишке жетип, Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн бардык күч аракетимди жумшадым”, -деди Алтынай.

 

11-декабрда  спортчу мекенине кайтып келди. Аны өзү окуган окуу жайдын жамааты Оштогу аэропорттон салтанаттуу  тосуп алышты.