АКШдагы  эларалык арбитраждык сотко  Өзбекстан арыз жазды. Анда Кыргызстан Ысык-Көлдөгү Өзбекстанга караштуу пансионаттарды тартып алды деп белгиленген. Бул тууралуу парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында белгилүү болду.

 

Мындан улам кыргыз өкмөтү Өзбекстанга келишим сунуштайт. Ага ылайык, пансионаттар ээлеген жер Кыргызстандын менчиги болуп кала берет, а кыймылсыз мүлк баштагыдай коңшу мамлекеттин карамагына өтөт. Өзбек тарап болсо пансионаттарды 3-4 жылдыздуу деңгээлге жеткирүүгө милдеттүү болушат.

 

Макулдашуудан  кийин тараптар тынчтык келишимин түзүшөт. Ошону менен эларалык арбитраждык соттогу талашка чекит коюлат.

 

 Ысык – Көлдөгү «Рахот», «Дилором», «Золотые пески» жана «Бустор» пансионаттары 2016-жылы апрелде Кыргызстандын карамагына өткөрүлгөн. Бул пансионаттарды  союздун тараганынан бери башта Өзбекстан пайдаланып келген.