Бишкектеги «Арча-Бешик» конушунун тургуну күйөөсүнө бычак сайган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, аялы күйөөсү менен уруша кетип, бычак сайып жиберген. Эркек алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан. Аял кылмышын моюнуна алган, бирок, өлтүрүүгө ниеттенбегенин, жөн гана күйөөсүнүн кыйкырыгын токтотуу үчүн коркутуп бычак шилтегенин айткан.

 

Аял кош бойлуу. Аны убактылуу кармоочу жайга киргизишти. «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.