Американын белгилүү саясат таануучусу Фредерик Старрдын изилдөөсү кыргыз тилине которулду. Китептин автору жети жүз жылды камтыган доорду көрсөттү, бул  араб халифатынан Темирландын падышалыгына чейинки 9-15 кылымдар.  

        

Бүгүн Борбор Азия дүйнөнүн артта калган аймактардын арасына кирет, бирок бул жерде өзүнүн “алтын доору” пайда болгон, бул миф эмес, мунун адамзатка тийгизген таасири күчтүү экенин окурманга автор даана көрсөтүп берди. Бул мезгилдерди ал Чыгыштын “Агартуусу” деп атады, Батыштагы “Агартуудан” (Просвещение) алда качан мурда болгон. Европага тиешелүү “Ренессанс” деген термин бар, Леонардо да Винчи, Рафаэль, Рембрандтын доору (14-16 кылымдар), үч жүз жылга созулган, ал эми Азияда деле ушундай “Ренессанс” орун алган, бирок эки жүз жыл эрте болгон, 12-14-кылымдарда. “Агартуу” деген түшүнүктү алсак, ислам дүйнөсүндө мындай нерсе болгон эмес, себеби бул жактагы “Ренессанс” динге басылып калды. Эгерде Батышта жашоонун ортосундагы “тактыдан” Кудайды алып, анын ордуна Адамды коюшса (ушул күнгө чейин турат), Чыгышта Кудайды козгошкон жок (азыр да ордунда). Айырмасы ушу.

 

Ф.Старрдын китебинде дүйнөлүк даражадагы генийлер көрсөтүлдү - Хорезми, Фараби, Бируни, Ибн Сина, Омар Хайям. Жашы боюнча улуусу Хорезми, илимге “алгоритм” деген түшүнүктү киргизген. Фарабини “экинчи мугалим” деп аташкан (биринчиси Аристотель). Бируни болсо биринчи энциклопедияны жаратып (астрономия, математика, тырых, философия, геодезия), антикалык Греция менен жаңыланган Европанын ортосуна алтын көпүрө болуп берди. Ибн Синанын “Дарыгерлик илимдин канону” деген эмгеги  600 жылга чийин бүтүн адамзаттын медициналик окуу куралына айланды. Омар Хайям математик катары “уравнение третьей степени” деген нерсени ачты, күндүн календарын чыгарды жана дүйнөлүк адабиятка сүйүү лириканын башатын жаратты.

 

Изилдөөнүн артыкчылыгы прогрессивдүү көрүнүш менен катар тескери аракеттин бетин ачып бергендигине да байланыштуу. Китепте деталдуу түрдө мусулмандардын цивилизациясына балта чапкан адамдын элеси чагылдырылды, бул Мухаммед аль-Газали (1058-1111), мунун китеби (“Философтордук талкаланышы”) илимди исламдын эң коркунучтуу душманы катары көрсөткөн. Ооба, илим диндин бүт түрлөрүнө өлүм сыяктуу коркунучтуу жаратты, бул жагынан Газали  жаңылган жок, чындыкты айтты, бирок бул Мефистофелдин чындыгы болуп атпайбы, караңгы тараптын чындыгы. Газалинин аракети аркылуу  “суфизм” пайда болду, анан ушул агым “акыл менен логиканы” четке сүрүп, ордуна “жараткандын  жарлыгын” коюп салды. Газалиден баштап мусулмандарда эркин ойго, эркин сөзгө “кишен” (цензура) салынды. Мына өзүнүн сөзү. “Кудайдан адашкандардын  китептерин  жок кылыш керек, динди бузган философтордун эмгектерин адамдарга жеткирбеш керек”. Дин бузарлардын тизмесине кирген инсандар - Аристотель, Платон, Сократ,  Хорезми, Фараби, Бируни, Ибн Сина, Хайям. Эми ушундай “инквизицияга” мусулмандардын ичинен Ибн Рушд деген илимпоз каршы чыгып, Газалинин китебин катуу сынга алган, бирок ислам дүйнөсү бул сынды тоотподу, ал эми Европада муну жогору баалашты.

 

Газали менен Хайям бир учурда жашашкан, Нишапур (Иран) деген шаарда бир мектепте окушкан, анан Мервде (Туркмения) чогуу иштешкен, бул жерге экөөн тең султан Ахмад Санжар чакырган. Эки инсан катуу сүзүштү, Газали исламдын негизги душманы катары Ибн Синаны белгиледи, Хаяйм болсо бул адамды “пир” тутуп, душманына ыр менен жооп берди.

 

Окуган намазындан пайда кана,

Бейишке, же тозокко түшөсүн сен,

Шарап ичип, аялдарды бек кучакта,

Эмнеден сактанасын намаз менен.

 

Омар Хайям адамдын жашоосун, сезимин, акылын, илимин даназалады. Мухаммед Газили болсо, математика менен логикага, философия менен астрономияга каршы чыкты, асманда, жерде, сууда болгондун баарысын “кудай жаратты” деп жар салды, “башы кесилген адамды кудай тирилтип берет”- деди. Ушундай “аргументтер” менен  окумуштууларды мазактап, шаарларга медреселерди курдуруп, жаштарды окута баштады. Шакирттери буга толук ишенди, ушу күнгө чейин ишенишет.

 

 “Алтын доор” Улугбек менен чектеле баштады, Темирландын  небереси, өз аты Мухаммед Тарагай (1394-1449), эки эле жыл башкарып, өзүнүн баласынан өлүм тапты. Өчпөс ысымын кийинки кылымдарга калтырды, Самаркандагы обсерваторияны курду, 10 миң баланын окуусун каржылады, чоң медресе салдырып, анын эшигине “Билимге умтулуу - ар бир мусулман адамдын парзы” деген сөздөрдү жаздырды (Куранда  мындай сөз жок, хадистердин бир жыйнагында окшош нерсе бар).

 

Китепте түрктөргө тиешелүү барактар бар -  Манас жөнүндө маалымат, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари, Таластагы чоң согуш (771-жыл). Махмуд Газневи түрк тукумунан болгон, төрөлгөн жери Барскаун (Ысык-Көл), атасынын аты Сөбүк-тегин. “Султан” деген титул так ушул Махмуддан башталган, жоокерлеринин санын 100 миңге жеткирген, Фирдоуси өзүнүн “Шах-намэ” деген чыгармасы ушунун кол астында 30 жыл жазып, калем акысын алалбай кеткен. Так ушул султан Ибн Синаны туткунга алам деп бир топ аракеттенди, бирок ага жеткен жок. Өзүн “мен Алланын жер жүзүндөгү көлөкөсүмүн” деп баалаган.

 

Түрктөрдүн тарыхында монголдор талкалаган Отрар шаары (Казахстанда) орун алган. 13-кылымда бул Хорезмдин курамына кирип, соода борборуна айланган. Хорезм падышалыгын башкарган  шах Алауддин Мухаммед да түрк элинен чыккан, монголдорго элчилер менен соодагер адамдарын жөнөтүп, Чынгызхандын  көңүлүн алган, ал өз тарабанын  500 төөгө буюмдарды жүктөп, чоң топту жиберген. Монголдор Бухарага жетет, анан кайтып келатканда Отрардын жетекчиси жүктөрүн тоноп, элчилер менен соодагерлерди өлтүрөт. Ошол топтун бир өкүлү тирүү калып, суук кабарды Чынгызханга жеткирет. Ал шахтын өзүнө атайын кишилерин жиберип, “Отрардын жетекчисин бергиле” деп кайрылат, бирок орой жооп алат. Ошол жетекчи (аты Ыналчык) кыпчак элинен болгон, анан шахтын тайкеси экен. Бир тууганын энеси бердирмек беле, шах болсо энесинин тилинен чыгалбады, натыйжасы мындай. 1218-жылы ушул жерге Чынгызхан жоокерлери менен келип, шаарды басып алып, өрттөп салат, элин кырат, анан Ыналчыктын оозуна ээритилген күмүштү куйдуруп салат. Ошондон кийин Борбор Азияданы шаарлардын бирин да калтырбай багындырат. Каршы чыккандарды жанчыйт, чыкпагандарды колдойт.  Жерлерди түзөйт, монголдорго жайыттар гана керек болгон. Ушинтип бул аймак Чынгызхандын империясына кирет, бирок ошонун ичине түбү менен ээрип кетпей, өзүнүн өзөгүн сактап калат. Ал эми бул жерде калган монголдор болсо, жергиликтүү элдердин курамына сиңип кетет.

 

 “Ренессанстын” акыркы толкуну Алишер Навоиге (1441-1501) туш келет, бул инсан Кашкари менен Баласагындын салтын улап, түрк тилине жолду кеңири ачат. “Куштардын тили” деген поэмасы түрк тилинде жазалган шедеврге айланып, түрк элдерден чыккан авторлорго 19-кылымга чейин таасир этет, буга кыргыз акыны Молдо Кылычтын “Бүркүттүн тою” аттуу чыгармасы далил.

 

Жыйынтык катары Ф.Старр региондун тарыхынын үч мезгилин белгилейт - прогресс, регресс, перспектива. Албетте, өткөн чак өзү менен чектелбейт, сөзсүз түрдө кийинки чактарга нурларын чачат. Мезгилдин түбөлүктүү логикасы ушундай. Эми муну бир беткейлүү карабай, плюс менен минустарын уюткан контексте карашыбыз керек. Суфизм илимге душман болуп, мусулмандарга өзгөчө бир руханий “дарыга” айланып, акылды интуиция менен басканын эмнеге жашырыбыз. Илгерки минустун эң ириси ушунда, азыр да уланып келетат. Мына мисал. Илим тармактагы Нобель сыйлыктын лауреаттардын ичинен мусулмандарга тиешелүү бир эле ысым бар - Пакистандын физиги Абдус Салам.  Америкадан эки жүз элүүдөн ашык лауреаттар чыкты, ошондой эле сан Европадан пайда болду,  Россиядан жыйырма алты киши. Бул айрым эксперттер айткан “праведная веранын триумфу” эмес, так  ушунун жоктугунун белгиси. Ооба, мусулмандардын “Ренессансы”  христиандардын “Ренессансына” жол ачып берди, бирок ошондон кийин өзү, диндин торунан чыгалбай, четте калды. Батыш болсо тордон чыгып кетти.

 

Эми “плюс” жагына көнүл бурсак, анда шам чырактын нуру өчпөй турганын айтшыбыз керек. Бир жолу ошол нур биздин жерибизге жарк этип  тийсе, эмнеге кайтарылып келбесин, келет, генийлер чыккан жерге келбей койбойт. Прогресс кайталанат. Буга, мисалы, Батыштын өкүлү Фредерик Старр толук ишенип турат, буга, дагы бир мисал, Борбор Азияда жашаган Фараби менен Ибн Синанын боордоштору, Баласагын менен Навоинин урпактары да толук ишенип турат. Ийгиликтерди күтөлү.  Китептин авторуна ыраазычыкты билдирели.

 

Кубан Мамбеталиев

Булак: “Майдан.kg” гезити