Белгилүү диний аалым Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алгандыгын өзү жарыя кылышы кыргыз коомуна бомба таштагандай эле дүрбөлөң түшүрдү. Бирок бул маселе көптөн бери эле көтөрүлүп, ар кандай карама-каршы пикирлерди жаратып, ал тургай кош никелүүлүккө тыюу салган мыйзамдагы беренени жокко чыгаруу өтүнүчү Жогорку Кеңешке сунушталган. Ошол эле учурда экинчи, үчүнчү аялдары менен жашыруун жашап жаткандар да толтура. Анда эмнеге дин аалымынын бул кадамы ушунча ызы-чууну жаратууда? Дегеле анын төшөк жаңыртуусунун артында кандай ой бар? Ислам дининде, шарият мыйзамы менен жашаган өлкөлөрдө кош никелүүлүк маселеси кандай чечилген? Биз ушул жана башка суроолор менен ислам динин терең түшүнгөн, чет өлкөдө жогорку билим алып, жашап келген Каныкей Жаманкуловага кайрылдык.

 

- Каныкей айым, кыргыз коомчулугунда белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алгандыгы ар кандай кайчы пикирлерди жаратууда. Бирок бул жагдайга айрым адамдар юридикалык баа беришкен менен диний көз карашта аналитикалык пикирин айтпай  жатышат. Сиз Чубак ажынын өзүн жакшы билген, ислам динин терең түшүнгөн диндар айым катары кандай ойдосуз?

 

- Экинчи аял алуу биздин коомдо жаңылык эмес. Бирок ошондой болсо да Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы бул ирет коомдук тармактарды катуу дүңгүрөттү. Бул табигый нерсе, анткени ал учурда Кыргызстандын диний лидерлеринин бири болуп саналат. Анын сөз-насааттарын диндарлар жана динге жаңы кызыгып келе жаткандар да туу тутуп угушат. 1997-жылы Ислам институтунда окуп жүргөнүмдө Чубак ажы бизге да практикант катары тажвидден сабак берип жүрчү. Аны биз акылдуу, адам менен маектеше билген, кээде көңүлдү көтөрүп тамашалай калган ачык адам катары таанып калдык. Ал эми анын экинчи аял алуусу бул анын жеке жашоосу, ошондуктан менин оюмча, ал диний лидер катары жеке турмушунда болгон окуяны же жасаган сооптуу ишин жарнамалабай эле койсо болмок. Менимче ал бул нерсени башкаларга чакырык жасоо ниетинде жасады. Анын оюу белгилүү, кыргыз кыз-келиндери нан табуу үчүн чет өлкөгө кетип же чет өлкөлүктөргө тийип кетишпесин, кыргыздардын тукумун сактайлы, көбөйтөлү деген ниетте айтты. Бирок, бул маселе “эки аял алууга чакыруу” менен чечилип калбайт. Анткени мунун тамыры экономикалык, моралдык маселелерге такалат. Биздин коомдо ажырашуу көп, биринчиден ушул кыйынчылыкты чечүү керек. Жаштарды жоопкерчиликке үйрөтүшүбүз зарыл. Качан биздин коомдогу үй- бүлөлөр бекем, туруктуу жана бакубаттуу жашоого өткөндө, ошондо экинчи аял алуу маселелесине өтсө болот.

 

- Чубак ажы өзү экинчи аял алгандыгын ачыкка чыгарып, биринчи байбичеси бир аз эле капа болуп жаткандыгын билдирди. Кийин кайсы бир маалымат каражатына “Жубайsм Гүлнурга болгон сүйүүм эч кемиген жок. Ал Меккеде окуп келген, динди терең түшүнөт...”,- деди. Тилекке каршы айрым укук коргоочулар ажыны сотко беришерин жар салышты. Анткени КРнын “Үй-бүлө тууралуу” мыйзамынын 153-беренесинде экинчи ирет үйлөнүү кылмыш катары саналат. Дегеле үйлөнгөн эркектин биринчи жубайы эмес, тиешеси жок эле башка адамдардын аны сотко берүүгө акысы барбы?

 

-  Мындай кабарды ар бир аял кыйынчылык менен кабыл алаары белгилүү. Ошондой болсо да Гулнур эже шариятты кабылдаган аял катары сабырдуулук, акыл калчоо менен чечим кабыл алат деп ишенем. Ал эми укук коргоочулар Чубак ажыны сотко бере турган болушса, мындай мыйзамды бардык экинчи аялдууларга бирдей жүргүзүш керек.

 

Негизи экинчи аял алууга уруксат берүү мыйзамын чыгарууга убакыт келип жетти деп ойлойм. Анткени адамзаты жеке турмушунда чечим кабыл алууда ар дайым эле мыйзамды карап отура бербейт. Ошондуктан өкмөт эркектердин эле кызыкчылыгы үчүн эмес, аялдардын да укуктарын коргоо максатында “экинчи аял алууну” мыйзамдаштыруусу керек. Албетте, бул мыйзам шарттуу  болуусу зарыл.

 

- Ислам дининде экинчи аял алуунун кандай шарттары каралган? Биринчи жубайдын макулдугу керекпи?

 

 - Ислам дининде экинчи аял алууга бир канча шарттар коюлган. Биринчиден, мындай эркек адилеттүүгү менен белгилүү болушу керек. Ошондой эле биринчи жубайын, балдарын, ата-энесин толук камсыз кыла алган жана экинчи аялды да багууга кудурети жеткен эркек болушу зарыл. Шариятта биринчи аялынын макулдугу шарт эмес, бирок жогорудагы шарттар аткарылуусу зарыл. Ал эми экинчиге үйлөнгөн соң, биринчи аялын карабай коюу же бошотпой же жашабай коюу чоң күнөө болуп саналат.

 

- Айрымдар көп никелүүлүк маселесин коомубуздагы социалдык көйгөйгө – көпчүлүк кыздарыбыздын турмушка чыга албай жатышы менен байланыштырышууда. Бул жаатта Сиз аялзаты катары кандай пикирдесиз?

 

- Тилекке каршы көп адамдар көп аял алуу Исламдан чыккан деп ойлошот, бирок  бул андай эмес. Полигаммия Исламга чейин да болуп келген, дагы да боло бермекчи. Мисалга Ибрахийм алейхи салаамдын Сара жана Ажар деген эки жубайы бар эле. Айрым падышалардын  аялдарынан тышкары жүздөгөн күңдөрү болгон. Учурда бир аялына чектелбегендер ойнош күтүшүүдө. Ислам дини адамзаттын бул табиятына түшүнүү менен мамиле жасап, зынаа (мыйзамсыз катнаш) жолун жабуу максатында 4 аял алууга чейин уруксат берген. Ал эми аялдарга бул нерсе тукум аралашып калуу ыктымалынан улам тыюу салынган.

 

Албетте, ар бир адам сүйүүгө, ишенимдүүлүккө ишенип жашайт, бирок айрым адамдардын жагдайлары башкача болгондуктан, ушундай маселеге барууга аргасыз болот. Мисалга, аялы төрөй албаган же талаптары орундалбаган эркектер биринчи аялдарын жалгыз бой калтырып таштаганча, экинчиге үйлөнүп жашай берүүнү туура көрүшөт. Ошондой эле жеке турмушунда  жолу ачылбай, убактысы өтүп бара жаткан, бирок үй-бүлөнү эңсеген аялдар дагы бирөөгө экинчи аял болуп тийүүнү туура көрүшөт. Исламда көп аял алуу маселесине -  аялдардын үй-бүлө күтүү укуктарын коргоо деп баа берсе болот. Ал эми эркектерге бул өзгөчө жоопкерчилик.

 

Мен Ислам динин кабыл алган аял катары диндин айрым шарыяттарына каршы чыгууга укугум жок. Албетте, бул жаатта толук сабаттуулугум бар. Мен үчүн бул өкүм коомчулуктагы көйгөйдү дарылай турган  дары сыяктуу. Ал эми ар бир дары-дармектин пайдасы да, зыян жактары дагы бар дегендей, аны этияттап, шарттарына карап колдонуу зарыл.

 

- Сиз көп жыл Иран Ислам Республикасында окуп, жашап келгенсиз. Бул ислам шариаттары менен жашаган өлкөдө көп никелүүлүк маселеси, дегеле үй-бүлөдөгү аял менен эркектин укугу менен милдети кандай каралган? Сурайын дегеним, биздегидей эле эркек каалаган учурда же жаш колукту тапса, балдары менен байбичесин таштап кете береби?

 

- Иранда Ислам ыңкылабынан кийин бардык мыйзамдар Ислам шарыяттарынын негизинде түзүлгөн. Өлкөдө экинчи аял алууга уруксат берилген мыйзам бар болгону менен шарттары татаалыраак. Албетте, биринчи аялынын кол коюусу керек. Ал эми аялынын ыраазычылыгын ала албаган эркек, шарият боюнча нике кыйып жашай бергени менен мыйзам жаатында экинчи аялынын жана андан төрөлгөн балдарынын укуктары корголбой калат. Ошондуктан ар бир эле ирандык аял буга макул боло бербейт. Дегеле үйлөнүү маселеси бул өлкөдө кыйыныраак, ал эми ажырашуу андан да татаал. Үйлөнгөн эркек мыйзамдуу түрдө кызга калың төлөп берүүгө милдеттендирилет жана үйлөнүү алдында аялын бактылуу кылып жашоого сөз берип, кеминде 50 шартка кол коёт. Калыңын төлөй албаган же аялын азаптаган эркек олуттуу түрдө соттолушу мүмкүн. Ал эми ажырашуу маселесин Иранда татаалдаштырып койгонунун себеби: эки жубай кайра жарашууга мүмкүнчүлүк берүүдөн келип чыккан. Андыктан ажырашуу мөөнөтү бир нече айдан бир жылга чейин созулушу мүмкүн.

 

Албетте, Иранда биздегидей жаш колукту тапса, эскинчисин оңой таштап кете албайт... Иран эли үй-бүлө маселесине өтө жоопкерчилик менен карашаарын сездим.  Негизи эле бул өлкөдө көп аял алуу маселеси анча таралган эмес. Өлкөнүн президенти Хасан Руханинин дагы бир эле аялы бар. Руханий лидер Имам Хамейни жана учурдагы Имам Хаменеи дагы бир аялы менен белгилүү. Менимче бул диний лидерлер  ошондой эле жупуну жашоолору менен белгилүү болгон соң, жеке жашоолорунда ыракаттануунун ордуна элине кызмат кылуунун жолун тандашкан деп ойлойм.

 

Маектешкен Эмилбек Момунов

Булак: “Майдан.kg” гезити