Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы кош бойлуу болуп калган окуучу кыздын болжолдуу өнөктөшү деп жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, шектүү катары кыздын айылдашы, 17 жаштагы жигит кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

    

 Ага карата «Он алты жашка чыга элек жаран менен жыныстык катнашта болуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

 

Экспертиза дайындалып, тергөө башталды.

 

Эске салсак, Ноокат районунда 10-класстын окуучусу өлүү ымыркай төрөгөнү маалымдалган.