Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы Эларалык күнгө карата билдирүү жасады.
«Акыркы жылдары Кыргызстандын мамлекеттик саясатындагы башкы багыттардын бири коррупцияга каршы күрөш болду», - деген билдирүүсүндө президент.
«Коррупцияга каршы көрөш тармагында бир топ иштер жасалды: мыйзамдуулук катаалданды, коррупцияга каршы иштердин координациясы түзүлдү, укук коргоо жана сот тармагында реформа жасалды», - деген президент.
Ал бул ишти улантуу менен күрөштүн кийинки этабына өтүү зарылдыгын белгилеген. Маалымдалгандай, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды колу таза эмес кызматкерлерден тазалоо аракети көрүлөт.