Диний алым Чубак ажы экинчи аял алганын жар салганда буга биринчи аялы бир аз таарынганын, бирок, анчалык каршы эместигин билдирген болчу. Бирок, интернет тармагында ажынын биринчи жубайынын «Сезим» кризистик борборуна жазган каты жарыяланды. Анда, Гүлнур Жалилова күйөөсү менен турмушу жакшы болбой жатканын, балдарынын жана өзүнүн өмүрүнөн кооптоно турганын жазган. Жазганына караганда, ажы балдарына чычканга арналган уу дары берип өлтүрүп коерун айтып, коркуткан.

 

 

    

 

 

Бирок, бул каттын чын-бышыгы аныктала элек. «Сезим» кризистик борбору да комментарий берүүдөн карманууда.