Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында 8-класстын окуучусу асынып алган. Бул тууралуу аталган облустун ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-декабрда окуучу мектепке кеткен да, кечинде үйүнө кайтып келген эмес. Бир күндөн кийин анын жансыз денесин газ трубасына асынган жеринен табышкан.
Баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартышып, милицияга арыз да жазышпаган.
ИИБдин белгилегениндей, баланын үй-бүлөсү ынтымактуу, балага уруп-сабоо болду дегендей шек жаратпайт. Мектепте да маркум тууралуу жакшы пикирлер айтылган, кимдир бирөөлөр менен каршылашуусу болгон эмес.