Бишкектеги маалымат жыйынында «Баланын укугун коргоо лигасы» фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова Кыргызстандын Муфтияты диний алым Чубак Жалиловдун эки аялдуу болгонуна карата өз позициясын билдирбей жатканына нааразы болду. 

 

«Муфтияттын унчукпай отурганы ажынын кылыгын колдоп жатат деген ойго түртөт. Дин боюнча мамкомиссия да үн катпады. Баары бир позицияны карманышып, көп аялдуулукка жол бербеши керек», - деди Турдубекова.

 

 «Кыздардын укугу ата-энелердин макулдугу менен бузулуп жатат. Биз коомчулукту кыздарынын укугун коргоого чакырабыз. Кыздарына жоолук салып, жетиштүү билим бербеген ата-энелер көбөйүп баратат. Мектептерде 9-класстан кийин окуган кыздардын катары азайып баратканын байкап жатабыз», - деп жетекчи кошумчалады.