Экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык 48 коттеж кайда деген суроону депутат Ирина Карамушкина койду.

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат качкын президенттин уулунун менчигиндеги коттеждердин дайын-дареги чыкпай калганына кызыкты.

 

 «Коттеждер комплекси жеке каражатка курулган эмес. Бюджеттин акчасы да кошулса керек. Эмнеге маалыматтар ачык чыкпай жатат, бул маселеде өкмөт мүчөлөрү да БТА банк, анын кеңешчилери менен байланышта болуп жатышат? Эгер коттеждер мамлекеттик эмес, коррупцияланышкан акчага курулса, тендерсиз сатылышы керек беле? Эмнеге биз ал жерге балдар үчүн социалдык шаарча куруп кое албайбыз?» - деди депутат.

 

Карамушкина коттеждердин сатылышына каршы экенин белгиледи.

 

Депутаттын мындай билдирүүсүнө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Д. Зилалиев каршы болду.

 

«Коттеждерди сатууга өкмөт башчысы эч кандай катышкан эмес. Мунун баары ушак. Баарын убакыт көрсөтө», - деди ал.