Абактагы саясий туткун Бектур Асановдун аялына күйөөсү менен жолугушууга уруксат бербей жатышат.
Укук коргоочу Зульфия Мараттын айтымында, Бектур Асанов 15-ноябрда операция болгон. Азыр ал 47-колонияда, жубайы менен операция болгондон кийин жолугуша элек. Саясий туткунга жакындары менен сентябрь айынан баштап эле жолугушууга тыюу салып коюшкан.
Бирок, ошол эле убакта саясий туткундун жакындары ЖАМКдан жолугушпоонун себептерин түшүндүргөн маалымдама алышкан эмес.
Эске салсак, Биринчи май райондук соту 2017-жылдын 17-апрелинде Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыратылган. Ага «бийликти күч менен тартып алууга аракет кылды» деген айып тагылган.