Жогорку Кеңеште жаңы депутат Закир Шарапов ант берди. Ал кечээги күндөн баштап эл өкүлү катары милдетин аткарууга киришти.
Закир Шарапов «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмесинде болчу. Ал 11-ноябрда каза тапкан депутат Улан Чолпонбаевдин ордуна келди.
Жаңы депутат буга дейре монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттигинде статс-катчы болуп эмгектенген.