Өткөн жумада өзүнүн экинчи никесин жарыя кылган белгилүү диний аалым Чубак ажы Жалиловдун чуусу дале басыла элек. Басылмак турсун кайра атом бомбасы түшкөндөй эле ызы-чуу, талаш-тартыштарды жаратууда. Себеби анын төшөк жаңыртуусун артындагы шакирттери менен фанаттары колдоого алса, светтик жашоо образын кармагандар сындап, жазага тартылсын деген такилип коюшууда. Кыскасы, азыр базарда отурган сатуучулардан тартып, Ак, Көк үйдөгү чиновниктер, үй-бүлө жүгүн көтөрө электер деле Чубак ажыга чабуул жасашууда. Сыягы, ошол пикирлерден улам болсо керек, ажыкени Алматыга дарыланууга чек арадан чыгарбай, акыры Ысык-Көлгө барып дарыланып жаткан жеринен да дем алыш күн экендигине карабай конвойдун коштоосунда Бишкекке алып келип, алты саат суракка алышты. Демейде өтө оор кылмышкер А.Батукаев самолет менен кызыл килем аркылуу “Манас” аэропортунан учуп кетсе “байкабай калган”, кылмышкерлер ээн талаанын бөрүсүндөй жортуп, ишкерлер менен бей-бечараны талап-тоногондугунан кабары жок ИИМ Чубак ажынын баскан-турганын аңдып, сүйлөгөн сөзүн жазып алып, маалымат берип турат. Акыры айласы кеткендиктенби, айтор кечээ ал “Биринчи жубайым расмий, экинчиси сүйүктүүм”,- деп көрсөтмө бериптир. Эми никеси кыйылбаган, күбөлүк албаган адамды сүйгөндүгү үчүн эле жоопко тартууга болобу? Дегеле “молдокелер сүйсө болобу?”- деген собол жаралууда.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №56 (334), 06.12.2017-ж.