«Казакстандагы ветеринардык-санитардык көзөмөлдөн өткөн азык-түлүк ташуучу ишканалардын катарын кещейтүүнү карап жатабыз», - деди вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов.
Ал мындай пикирин маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, азыктарды жеткирүүгө тыюу салынган ишканалардын ар биринин маселеси өзүнчө каралат.
«Жыйынтыгында алар да продукцияларын расмий жеткире башташат», - деди Абдыгулов.
Ал аны менен катар Кыргызстан жол картасында кандайдыр бир жол бошотууга барбаганын да белгиледи.