Экс-президент Алмазбек Атамбаев 4-декабрда Кыргызстанга кайтып келди. Ал бийликти тапшыргандан кийин эс алууга чет өлкөгө кеткен болчу.

 

Айрым маалыматтарга караганда, ал азиялык өлкөлөрдүн биринде эс алган.

 

Мамлекет башчысы катары берген акыркы маалымат жыйынында Атамбаев уйкуга канбай жүргөнүн айтып, бийликти тапшыраары менен эки- үч жума уктай турганын билдирген. 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековго кызматтык милдетин расмий өткөргөн. Андан эки күндөн кийин эс алууга кеткен. Ошондо, экс-президенттин алты жыл канбаган уйкусу сегиз күндө каныптыр.