2-декабрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чуйков көчөсүнүн кесилишинде эки баласы менен бараткан аялга белгисиз адамдар кол салган. Чуркап келген үч эркектин бири аялды сабап, экинчиси кичинекей кызды көтөрүп качып кеткен. Бул тууралуу жабырлануучу Фейсбуктагы баракчасына жазган. Ал кызды уурдагандар ажырашып кеткен күйөөсүнүн туугандары экенин да белгилеген.

 

  Бишкек ШИИБинен билдиришкендей, учурда уурдалган кыз өз атасы менен бирге.

 

 Милиция кызматкерлери эрезеге жете элек кыздын атасы менен апасын суракка алышууда.

 

Укук коргоо кызматынын маалыматына караганда, учурда мурдагы жубайлардын ортосунда ортодогу балдар боюнча талаш бар.

 

Ал эми жабырлануучу Мария Жапаркулованын алган жарааттарын аныктоо үчүн соттук экспертиза дайындалган.