Ошто уулунун өлүмүнө шектелген ата абакка киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү абакта бир ай кармалат.
Эске салсак, жакында Ош шаарында 12 жашар бала уруп-сабоодон алган жараатынан көз жумган. Аны урган деп шектелип өзүнүн атасы кармалган.
Каза тапкан баланын классташтары жана эжеси көрсөтмөлөрүн капысынан толугу менен өзгөртүшүп, бала «атам сабады» деп эч убакта даттанбаганын айта башташты. Бала акыркы жолу мектептен таяк жеген.
Ал эми мындан мурун, шектүү жаңы кармалган учурда баланын классташтары, туугандары жана коңшулары башкача көрсөтмө беришкен. Ошондуктан, милиция абактагы кишинин туугандары маркумдун эжесине жана классташтарына басым жасашып, көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө мажбурлап жатат деп болжолдоодо.