Чүй облустук ИИБинин маалыматына караганда, Сокулук районунун тургуну мас абалында бөтөлкөлөш болгон аялды муунтуп өлтүргөн. 

 

10-ноябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Төш-Булак айылында аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабар келип  түшкөн.

 

Маркумдун өздүгү аныкталып, ал 38 жаштагы Ч.А. болуп чыккан. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, 46 жаштагы Ц.А. кармалган жана ал күнөөсүн моюнуна алган.

 

 Болжолдуу маалыматтарга караганда, шектүү каза тапкан аял менен ичимдик ичкен. Андан кийин уруша кетишип, эркек ачуусу менен аялды муунтуп таштаган.

 

Шектүү учурда Сокулук райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.