Бишкек мэриясынын маалыматына караганда «Айчүрөк» ЦУМдун жанындагы жер өткөөлдү оңдоого тендерди токтотту.
Анткени, мэрия белгилегендей, кошумча оңдоп – түзөөгө муктаждык жок. Ошондуктан, жарыяланган тендер кайра токтотулат.
Белгилей кетсек, мындан мурда капиталдык курулуш Башкармалыгы жер өткөөлдү оңдоого дагы 6,8 млн сом коротууга ниеттенгени айтылган. Бул өткөөл аз убакыт мурда эле оңдотулган. Бюджеттен 32 млн сом сарпталган. Бирок, оңдоо иштеринде айрым кемчиликтер болгон.