Картинки по запросу две жены ислам 

Кыргызстандын экс-муфтийи, диний алым Чубак Жалилов Бишкек ШИИБине суракка чакырылган. Ал жакында экинчи ирет үйлөнгөнүн коомчулукка жарыялаган. Ошондон улам айрым адамдар тарабынан «кош аялдуулукту пропогандалады» деген нааразычылыкка кептелген.

 

Милиция кызматкерлеринин сурагында, Чубак ажы экинчи аялын сүйгөнү үчүн үйлөнгөнүн, ал анын сүйүктүүсү экенин айткан. Бирок, аны менен расмий никеге турган эмес.  Расмий никедеги бир гана аялы бар, ал беш баласынын энеси.

 

Ошондуктан, ажы өзүнүн бул чечими менен КР мыйзамдарын бузбаганын белгилеген.