Түркиянын Бурса провинциясында кыргыз кызынын жансыз денеси табылган. КР ТИМдин маалыматына караганда, Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жергиликтүү полиция менен байланышып, өлүмдүн тастыктамасын алышкан. Бурсанын полициясы ишти иликтей баштады. Башкы консулдук ошондой эле маркумдун жакындары менен да байланышкан.
Түрк авиакомпаниясы менен кыздын сөөгүн Стамбул-Бишкек каттамында мекенине жеткирүү маселеси макулдашылды.