Сокулук райондук Мамкаттоонун жетекчисинин орун басары – баласын тепкен ата Бариер Адиев камакка алынды. Ал Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди.
Анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, сот абакка алуу чечимин чыгарды.
Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал абакта эки ай отурат.
Адиев өз күнөөсүн моюнуна алган эмес. Интернетте тараган видеону (баласынын ичине тээп аткандыгысын) монтаждалган деген. Ага карата «бейбашчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал эми орун басарлык кызматынан бошотулду.