Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун биринчи жана экинчи жубайы жеке жашоолору коомчулуктун талкуусунда калганына нааразы болушууда.
«Вести. KG» маалымат агенттигинин жазганына караганда, Жалиловдун адвокаты Акин Токталиев анын аялдары менен жолугушкан.
Улуу аялы (байбичеси) ажынын экинчи эмес, төртүнчү аял алам десе да макул болоорун билдирген.
«Биринчи жубайы менен мыйзамдуу нике каттоосуна турушкан. Ортодо беш бала бар. Улуу аялы динге берилген адам, күйөөсүнүн экинчи никесине каршылыгы жок. Ал күйөөсү баарын бирдей карап, бирдей камкордук көрө алса, төртүнчү аялды деле ала берсин дейт. Байбиче коомчулуктун алардын турмушун талкууга алганына нааразы. Бул Чубак ажынын жеке иши, шарияттын мыйзамын бузган жок дейт», - деген аталган агенттикке адвокат.
Акин Токталиев ажынын экинчи жубайына да кезиккен. Ажы өзү экинчи жубайы 30 жашка чыгып калган, буга чейин Түркияда бала багуучу болуп иштеген келин экенин жарыялаган. Айтымында, ал экинчи жубайына кыргыздын салты менен ата-энесинин алдына барып, кызынын колун сурап, каадасын жасап алып келген.
«Экинчи жубайы да каршы эмес. Ал карыганда жалгыз, үй-бүлөсү, балдары жок калуудан коркконун айтты. Чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып, мекенден, тууган-туушкандардан алыстап кеткенден көрө экинчи жубай болгон жакшы деп жатат», - деген Токталиев.