Картинки по запросу марат мураталиев 

Өкмөттүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Марат Мураталиев дайындалды. Аны эмгек жамаатка вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Марат Мураталиев буга  дейре Талас облустук курулуш башкармалыгын жетектеген.  Андан мурун  «Арсенал-Курулуш» компаниясын директору болгон.

 

Таластын буга чейинки губернатору  Дайыр Кенекеев 25-октябрда вице-премьер-министрлик кызматка келген.