2-декабрда, саат түшкү 2 чамасында Бишкектин Эркиндик бульвары менен Чуйков көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдар аялды сабашкан. Анан анын эрезеге жете элек кызын уурдап кетишкен.

 

Мындай маалыматты Фейсбукка колдонуучу Мария Жапаркулова бөлүштү. Жазганына караганда, бул окуянын жабырлануучусу өзү.

 

Жабырлануучунун айтымына караганда, ага кол салуу ажырашкан күйөөсүнүн туугандары тарабынан жасалган. Ал ошол күнү Эркиндик бульварында балдары менен сейилдеп жүргөн.

 

«Капысынан балам бизди көздөй үч эркек чуркап келатышканын көрүп калыптыр. Кийинчерээк алар мурдагы күйөөмдүн туугандары экени белгилүү болду. Алардын бири мени жерге жыгытып, сабап баштады. А экинчи киши кызымды көтөрүп белгисиз тарапка качып кетти. Ошол жердеги адамдар бизге жардамга келишип, калган эки кишини кармашты», - дейт жабырлануучу.

 

 Дарыгерлер аял башынан сокку алганын аныкташкан. Баш мээси чайкалып, ийининде, көкүрөгүндө көп сандаган жарааттар табылган. Аял ооруканага жаткырылган.

 

 Жабырлануучунун айтымында, кармалган эки кишини укук коргоо кызматкерлерине өткөрүшкөн. Бирок, милиция кызматкерлери алардын бирин Биринчи май РИИБине бараткан жолдо бошотуп жиберишкен.