Кара-Балта шаарында 3-декабрда, саат болжол менен 20:00дө Чүй облустук Жайыл районунун патрулдук милициясынын кызматкери өз үйүндө суицид жасоого аракеттенген. Ал өзүн ашкана бычагы менен сайган.
Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкеринин жубайынын көрсөтмөсүнө ылайык, ал мындан мурда да өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Учурда соттук-биологиялык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
КР ИИМдин ички иликтөө Кызматынын кызматкерлери бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.
Суицид жасоого аракеттенген милиция кызматкери бул тармакта 2011-жылдан бери иштейт. Эки баласы бар.
Буга чейин да Кой-Таш айылындагы ИИМ складында нөөмөттө турган дагы бир милиционер өзүн автомат менен атып таштаганы белгилүү болгон.