Бишкек ШИИБинин маалыматына караганда, интернетке тараган видеонун «каарманынын» жубайы милиция бөлүмүнө келген. Аял 40 жашта. Ал укук коргоо кызматкерлеринен күйөөсүн бошотуусун суранууда.

 

Белгиленгендей, баланын энеси арыз жазуудан баш тарткан. Балага ырайымсыздык менен жасалган мамиле боюнча тергөө иштери уланып жатат.

 

Октябрь райондук соту бүгүн кармалуучуну тергөө учурунда абакта кармоо, же тил кат менен эркиндикке чыгаруу боюнча чечим чыгарат.

 

Эске салсак, интернет тармагына көчөдө уулун ээрчитип бараткандагы атанын кылыгын чагылдырган видео тараган. Анда жыгылып калган уулун ата тургузуунун ордуна анын ичине тепкен. Бул видео коомчулукка тарагандан кийин ырайымсыз атаны таап, жазага тартуу талабы күчөгөн.