Картинки по запросу самоубийство с пистолетом  

КР ИИМдин билдиргенине караганда, окуя 1 –декабрда, болжол менен саат 19:00дө болгон. ИИМдин Кой-Таш айылындагы складында күзөттө турган милиционер, милициянын кенже сержанты 1991-жылы туулган Эрлан Сөлпүев өзүн атып таштаган.

 

 Чүй облусунун тургуну Эрлан Сөлпүев ички иштер тармагында 2010-жылдан бери иштеп келген. Аламүдн РИИБинин ыкчам-тергөө тобунун эксперттери милиция кызматкеринин өлүмү АКМС үлгүсүндөгү автоматтан атылган октон улам болгонун тастыкташкан.

 

 Ал күзөттө турганда өзүн автомат менен башына аткан.

 

Учурда иликтөө иштери жүрүп, маалыматтар чогултулуп жатат.