Картинки по запросу нурлан мотуев 

 

Биринчи май райондук соту Нурлан Мотуевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү.

 

Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, Нурлан Мотуев буга чейин кармалып келген №32 жатак-колониядан режимди бузганы үчүн №27 күчөтүлгөн тартиптеги колонияга которулду. Ал жерде бир жыл жаза мөөнөтүн өтөйт.

 

 Эске салсак, Мотуев 2016-жылдын 29-авгутунда Свердлов райондук соту тарабынан жатак-колониясына жети жылга кесилген.

 

Ал КР Кылмыш жаза кодексинин терроризмге чакырык таштоо, терроризмди актоо, улуттар, раса, диний аралык каршылыкты пайда кылуу беренелери боюнча айыпталган.