Кичинекей уулун ичке тепкен атанын кимдиги аныкталды. Ал учурда кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске салсак, интернет тармагына көчөдө уулун ээрчитип бараткандагы атанын кылыгын чагылдырган видео тараган. Анда жыгылып калган уулун ата тургузуунун ордуна анын ичине тепкен. Бул видео коомчулукка тарагандан кийин ырайымсыз атаны таап, жазага тартуу талабы күчөгөн.
Бишкектеги Октябрь райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан бул факт боюнча КР Кылмыш жаза Кодексинин «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, видеогу наристе болгону 2 жаш алты айга толгон. Аны өзүнүн атасы, 50 жаштагы киши тепкен. Милиция кызматкерлери өз атасынын өзүнүн уулуна карата мындай ырайымсыз мамилесинин сырын териштирип жатышат.
Уулуна катаал мамиле жасаганы үчүн экспертиза, анын катарында соттук – психиатриялык экспертиза да дайындалды.
Окуянын күбөлөрү жана атанын кошуналары суралууда.
Белгилүү болгондой, киши үй-бүлөсү менен Улан-2 кичирайонунда жашайт. Чүй облусунун тургуну.
Кошуналары мындан мурда атасынын баласын урганын көрүшпөгөнүн айтышкан.